• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү кандай учурда ишке ашырылат?

19 Теке 2019 12:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июлда эртең менен ИИМдин Тергөө башкармалыгына 3-ирет суракка барган жок. Ал күбө катары чакырылган болчу.

Анын юридикалык өкүлү Сергей Слесарев суракка чакыруу мыйзамсыз экенин, А.Атамбаевдин иммунитети күчүндө экенин айтууда.

Алмазбек Атамбаев бүгүнкү чакырууга чейин эки жолу — 9-июлга жана 11-июлга суракка чакырылган болчу. Биринчи чакыруудан кийин Атамбаев комментарий берип, суракка барбай турганын айткан.

Мындай учурда соттук-укуктук система кандай чара көрүп, ИИМ күбөнү кандай жол менен суракка алат?

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексиндеги 121-берене:

Шектүү, айыпкер, жабыр тартуучу, күбө жүйөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койгондо, тергөөчүнүн же судьянын (соттун) токтому боюнча мажбурлап жеткирилиши мүмкүн.

Келбей коюунун жүйөлүү себептери деп төмөнкү жагдайлар таанылат:

1) адамды келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан оору;

2) жакын туугандарынын, жубайынын өлүмү;

3) табигый кырсыктар;

4) чакыруу кагазын албай калуу;

5) адамды белгиленген мөөнөттө келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан башка жагдайлар.

Чакыруу боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө тоскоолдук кылган жүйөлүү себептердин болгондугу жөнүндө шектүү, айыпкер, жабырлануучу, күбө өздөрү чакыртылган органга маалымдоого милдеттүү.

  • Мажбурлап алып келүү жөнүндөгү токтом шектүүгө, айыпкерге, жабырлануучуга, күбөгө жарыя кылынып, бул токтомдогу алардын койгон кол тамгасы менен ырасталат.
  • Мажбурлап алып келүү түнкү убакта жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
  • 14 жашка чейинки курактагылар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн турган жерин таштап кете албаган же таштабоого тийиш болгон бейтаптар мажбурлап алынып келбейт. Бул медициналык мекеме тарабынан ырасталышы керек.
  • Сотко чейинки өндүрүштөгү мажбурлап алып келүү иштери тергөө органы, ал эми соттук өндүрүштө сот приставы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Булак: АКИ пресс.

Количество просмотров: 18