А.Ибраимов: Эч ким тааныбасын деп дубанадай болуп кийинип алып эл аралайм
А.Ибраимов: Эч ким тааныбасын деп дубанадай болуп кийинип алып эл аралайм
19 Чын куран 2018 17:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.04.2018. Govori.TV.
Мени эч ким тааныбашы үчүн дубанага окшоп эски кийимдерди кийип алып, эл аралайм. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде «Ош» базарындагы өрттөн жабыркагандар менен жолугушууда Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдирди.
«Мен сакалчан, галстугу жок барып, иштер чынында кандай аткарылып жаткандыгын карайм. Ошондуктан менин кабарым жок экен деп ойлобогула», — деди ал.
Мэр буга катар эле соодагерлерди банктарга болгон карыздары боюнча маселелерге жардам бере тургандыгын кошумчалап, ижарачыларга мэриянын фондунан компенсация төлөнө тургандыгын билдирди.
Эске сала кетсек, ушул айдын 13-апрелинде Ош базарындагы «Берекет» соода борборунда өрт чыгып базардын 5 миң 400 чарчы метри күйүп кеткен.