А. Шыкмаматов, ЖК депутаты:”Сегизбаев УКМКны саясий куугунтук үчүн пайдаланып калган… ”
А. Шыкмаматов, ЖК депутаты:”Сегизбаев УКМКны саясий куугунтук үчүн пайдаланып калган… ”
7 Чын куран 2018 15:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.04. 2018. Govori.TV
“Абдил Сегизбаев УКМКны улутук жана экономикалык коопсуздук үчүн эмес, саясий куугунтук үчүн пайдаланып калган”. бул сөздү УКМКнын башчсы Абдил Сегизбаевдин отставкасынан кийин ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматов айтты.
Ал Govori.TV маалымат агенттигине маек берип жатып, УКМКнын башчысынын кызматтан кетиши Президенттин Коопсуздук Кеңешиндеги айтылган сөзүнүн ишке аша баштаганынан кабар берээрин айтты. “Президент өлкөдө коррупция күч алып, бюджеттен миллиардаган сомдор чыгымга дуушар болуп жатканы ачуу чындык экенин айткан. Ал эми коррупция менен түздөн-түз күрөшөт деген, антикоррупциялык орган ачылкан УКМК болсо саясий куугунтук менен алек болуп, Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева мурдагы президенттин саясий атаандаштарына каршы гана иштер менен алек болуп келгени маалым. Ошондуктан, азыр коррупцияга каршы чыныгы күрөш башталганда алар иштей албасын, иштөөгө моралдык укуктары да калбай калганын сезишсе керек…”,-деди ал.
Эске сала кетсек, бүгүн УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев кызматтан кетүү арызын жазып, Сооронбай Жээнбеков тийиштүү жарлыкка кол койгон
УКМК Кыргызстанда баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады. Азыркы учурда, комитет бүткүл …
Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды
Муниципалдык жерлерге коммерциялык объекттерди мыйзамсыз тургузуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын …