Кайрымдуулук уюмдардын жана шаардык бюджеттен 74 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди. Бул 28-апрелге карата жардам алган үй-бүлөлөр экенин шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев 28-апрелде брифингде билдирди.
“Бишкек шаары боюнча 76 483 үй-бүлө аз камсыз болгондор катары тизмеге киргизилген. Булардын баарына күнүмдүк жашоого зарыл болгон азык-түлүктөр жеткирилип берүүдө. Мындан башка шаарга чектеш жайгашкан Сокулук жана Аламүдүн районуна караштуу жаңы конуштардагы 2500 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилген”, — деди Түлөбаев.
Анын маалыматына караганда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өкмөттөн 6000 кап ун бекер таратылган. 9600 үй-бүлөгө араб кайрымдуу фонддорунан берилген азык-түлүк жардам баштыктары берилди.
Балбак Түлөбаев гуманитардык жардам таратууда коррупцияга жол берилбестигин, ага муктаж адамдардын баарына азык-түлүк жеткирилерин эскертти.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте 25-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланган.