А.Жапарова: Садыр Жапаров Кыргызстанга келип, камалып калганына өкүнбөйт (Интервью)

160
Бишкек. 06.12.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 6-декабрда Садыр Жапаров 50 жашка толду. Кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер учурда абакта. “Govori.TV” агенттик анын жубайы Айгуль Жапарова менен жолугуп, маек курду.

Эскерте кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга камалган. Мындай чечимди 2017-жылдын, 2-августунда Биринчи май райондук соту чыгарган.
Жактоочунун айтымында, С.Жапаровго 4 берене: адам өлтүрүү үчүн барымталоо уюштуруу, бийликке каршы митинг уюштуруу, ээнбаштык жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган.