• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аалиев: Шайлоо алдында бузуулар боюнча 20 билдирүү келип түштү

28 Бирдин айы 2022 15:18 Бишкек Govori.TV

Жалпысынан 2022-жылдын 10-февралынан 25-февралына чейин «Жалпы иштин» байкоочуларына шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузуу боюнча 20 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда өткөн маалымат жыйында “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи Тариэл Аалиев билдирди.

Анын айтымында, 2 билдирүү шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузуу, 1 билдирүү добуштарды сатып алуу боюнча, УШКлар тарабынан процедуралык мүнөздөгү мыйзам бузуулар жөнүндө 17 билдирүү.

«Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин бузуулар: Свердлов шайлоо округу боюнча 1 жана Биринчи Май шайлоо округу боюнча 1. Добуштарды сатып алуу: Свердлов шайлоо округу боюнча 1 билдирүү. УШКлар тарабынан процедуралык бузуулар: Свердлов шайлоо округу боюнча 4 билдирүү, Биринчи Май шайлоо округу боюнча 13 билдирүү», — деди ал.

Количество просмотров: 69