• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аалы Карашев вицеликтен баш тарттыбы?

18 Чын куран 2018 12:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.04.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештеги КСДП партиясынан депутат Аалы Карашев кечээ өкмөт башчынын орун басарлыгы кызматынан баш тарткан. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Анда белгилүү болгондой, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Сапар Исаков Аалы Азимовичке аталган кызматты сунуш кылганда ал сылык баш тартып койгон. Ошондой эле кечээ дагы бул боюнча аракеттер болуп, анда эл өкүлү “Сапар Жумакадырович, мен сизди сыйлайм, бирок, иштеше албайм, кечирип коюңуз” деген жоопту берген.
Ушул тапта биз Аалы Карашевдин өзү менен байланышып, бул боюнча оюн билүүгө аракет кылганыбыздан майнап чыкпай жатат.

Эске сала кетсек, мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин аппаратынан жоголгон 30 миң доллардын жоголушу боюнча кылмыш ишинде күбө катары сурак берүүдөн. Ошондон улам ал иш обьективдүү иликтенишин шарттап, өз арызы менен кызматынан баш тарткан.

Количество просмотров: 29