• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Аба ырайы: жамгыр жаайт

7 Чын куран 2018 8:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.04.2018.Govori.TV.

Бүгүн 7-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 10…15 градус жогорулайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 14… 19 градуска чейин ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, түнкүсүн 13…18 градус жылуу болот.

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 9… 11, күндүз 13..15 градус жылуу болот

Количество просмотров: 22