Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV
Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 2019-жылдын 5-7-февраль күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.
Буга карата өлкөнүн облустарынан аба ырайына байланыштуу кырдаал боюнча кыскача маалыматтар берилди.