• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелген адвокат камакка алынды

18 Теке 202617:47 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда УКМК кызматкерлери оң процессуалдык чечим чыгарууга көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен акча талап кылууга шектелген адвокатты кармашты.

Маалыматка ылайык, УКМКга Э.Б.М. аттуу жаран адвокат Ж.А.Б. боюнча арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, адвокат кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамды жактап жатып, анын жубайынан сот органдарында байланыштары бар экенин айтып, иш боюнча оң чечим чыгарууга жардам берем деген шылтоо менен 6 миң АКШ долларын талап кылган.

2026-жылдын 17-июлунда ал талап кылынган акчанын 4 миң долларын алып жаткан учурда кылмыш үстүндө кармалган.

Манас шаардык соту шектүүгө карата тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо, башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана далилдерди топтоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 9