Кечээ, 17-июлда, 220 кВ чыңалуудагы аба электр берүү чубалгысы авариялык түрдө өчкөндүгүнө байланыштуу электр тармагында жөнгө салуу иш-чаралары киргизилди.
Абанын температурасы нормадан кескин жогорулап кеткендиктен, кондиционерлер жана башка электр шаймандары массалык түрдө колдонулуп, электр энергиясына болгон керектөө кыйла өстү. Натыйжада электр тармактарына күч келгендиктен, ашыкча жүктөлүү коркунучу жаралууда.
«Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп билдиришти энергетиктер.
Мындан тышкары, бүгүн саат 15:30дан 17:00гө чейин Ивановка айылынын 10 кВ чыңалуудагы Ф-23 МТФ аба электр берүү чубалгысы убактылуу өчүрүлөт. Электр энергиясы Первомайская көчөсүнөн Береговая көчөсүнө чейинки аймакта үзгүлтүккө учурайт.