Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Москва облусундагы Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries компаниясынын кампасында чыккан өрт боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери бүгүн эртең менен эле окуя болгон жерге барышты. Элчиликтин өкүлдөрү аталган кампада эмгектенип жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.
Учурда кыргызстандыктардын арасында жабыркагандар бар же жок экендиги такталып, аларга зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.
Азыркы тапта өрт толук өчүрүлө элек. Кампанын аймагы курчоого алынып, окуя болгон жерде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, өрт өчүрүү-куткаруу кызматтары жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар иш алып барууда.
Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына ылайык, өрт учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кийин чыккан. Өрттүн расмий себептери Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталууда.
Кыргыз Республикасынын Элчилиги кыргызстандыктар жана Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары менен туруктуу байланышта. Тышкы иштер министрлиги кырдаалды өзгөчө көзөмөлүндө кармап, Элчилик менен биргеликте окуянын өнүгүшүнө көз салып жатат.
Жаңы такталган жана расмий ырасталган маалыматтар келип түшкөн учурда коомчулукка кошумча маалымат берилет.