• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Аба ырайынын кескин өзгөрүшү. Мэр чукул жыйын өткөрдү

16 Бирдин айы 202410:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында жылуулук жана электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шаардык кызматтарды алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө даярдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-февралынан баштап аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Белгилей кетсек, суук аба ырайы кыска мөөнөткө созулат.

Энергетикалык ишканалардын жетекчилеринин айтымында, баары штаттык режимде иштеп жатат. Катуу суук болгон учурда борбор калаанын тургундары жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалат.

Бишкек Жылуулук электр борбору, «Электр станциялары» ААК филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана алардын авариялык-куткаруу кызматтары күчөтүлгөн режимде иш алып барат жана күнүмдүк керектелүүчү системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылат.

Мындан тышкары, мэр бардык шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине шаардын ичинде болууну жана кырдаал боюнча КР ӨКМнин штабына билдирүүнү, ошондой эле жооптуу кызматкерлерди күчөтүлгөн режимде нөөмөткө коюуну уюштуруу тапшырылды.

Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыкчам штабдын ишин камсыз кылуу жана тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Шаар башчысы борбор калаанын социалдык объектилерин жана алардагы жылуулук режимин сактоону көзөмөлгө алуу милдетин койду.

Количество просмотров: 142