Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра-автожол» өткөрүү пунктунун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим казак тарап менен биргелешип иштөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды.
«Жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө байланыштуу жана жайкы туристтик мезгилде мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2026-жылдын 21-июлунан 31-августуна чейин өткөрүү пункту Бишкек убактысы боюнча күн сайын саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт», — деп айтылат маалыматта.