• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Абайла, мектеп! Жалал-Абад облусу»: “Бул жерде башка жактарга кетүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор окушат”

27 Аяк оона 2021 12:20 Бишкек Govori.TV

Директор Асанбек Эрмеков биздин жасаган нерсебиз деп, короонун арт жагына тургузулган дубалды көрсөттү. “Ал жок кезде, элдер мектептин короосун аралап өтүшчү, бир жолу кырсык да болуп кетейин деди”, — дейт. 2018-жылы аялдар дааратканасына мас киши кирип кетип, ал жактагы кызды көрүп калып, зордуктаганга аракет кылыптыр. Кыз кыйкырып жиберсе, качып кетиптир. Аны кийин Базар-Коргондон дагы бир кызды зордуктоо аракетинде кармашып, түрмөгө камашты. Директор ал окуядан кийин бул коргонду курган.  

Башка эки жүз мектеп сыяктуу бул дагы авариялык абалдагы мектеп. “Биздин дубалдар ылайдан салынган, жарака кетпеген жер жок. Пайдубалдын абалы да ошондой. Жаракаларды эптеп толтуруп, жашырууга аракет кылабыз, кайра эле жаңысы пайда болот. Чатыры дээрлик тешилип калган”. 

“Эскирген курулуштар, чириген полдор, ураган шыбактар, көп сандагы окуучулар. Колдонууга жараксыз” – бул мектеп тууралуу ушундай корутунду чыгарылып, жаңы курулушту талап кылган авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген. Ага карабастан мектеп дагы деле иштеп жатат.  

“Ашар жолу менен курганбыз, эрежелер сакталган эмес – класстар кичинекей, кээ бирлеринде жылыткыч да жок”, — дейт Асанбек. “Терезеден шамал уруп турат, балдар суук деп даттанышат. Мында башка жактарга кете албагандар окушат”.   

Бул мектепти айырмалоочу жападан-жалгыз нерсе – анын өзгөчө ысымы

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №24 мектеп мурунку президенттин карындашы Гульнара Бакиеванын урматына аталган. Ал өзү да ушул мектепте окуган. А эмнеге өзү окуган мектепке жардам берген эмес? – деген суроого директор ийнин куушуруп: “Балким, шыр эле өзүнүн мектебинен баштаганым туура эмес деп ойлоп, улам кийинкиге жылдырып отуруп, анан өзү да кетип калса керек… биз андан бери ар бир президентке кат жөнөтүп келебиз, бирок катыбыз дарегине жетпейт, сыягы бул Бакиевдин атын алып жүргөнүбүзгө байланыштуу болсо керек…” 

Текст: Анастасия Валеева.

Фото: Жузумкан Асхатбекова.

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз

Количество просмотров: 191