• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абакка баңгизатын жашыруун алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

19 Үчтүн айы 2024 14:28 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесине баңгизатын жашыруун алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Ведомстводон белгилешкендей, ЖАК кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-январында С.Н.Э. аттуу жаран кармалган. Андан жалпы салмагы 70,12 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты (болжолдуу марихуана) бар 3 түрмөк табылган.

Кармалган С.Н.Э баңгизатын аталган мекемеде жазасын өтөп жаткан Б.Н.К. аттуу соттолгон адамга жашыруун өткөрүп берүүнү көздөгөнүн мойнуна алды.

Чогулган материалдар мындан ары биргелешип иликтөө үчүн Сокулук райондук милициясына өткөрүп берилди.

Жазаларды аткаруу кызматы бардык жарандарга жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги кармалып турган адамдарга тыюу салынган буюмдарды бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Количество просмотров: 158