• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баңгизат сатууга аракет кылып жаткан шектүү кармалды

20 Жетинин айы 202515:58 Бишкек Govori.TV

Баңгизаттарды сатуу менен алектенген топтун уюштуруучуларынын бири Чүй облусунда 1 килограмм баңгизат сатууга аракет кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин трансулуттук баңгизат тобунун уюштуруучуларынын бирине карата Тажикстан — Ош облусу — Чүй облусу каттамы боюнча баңгизат жеткирүү каналын уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын негизинде 18-ноябрда тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган каналды уюштурууга шектүү Г.А.Т. кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен камакка алынды.

Количество просмотров: 115