• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абакта ачкачылык жарыялаган Асанбековдун абалы айтылды

8 Жетинин айы 2022 11:10 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад маселесинен улам массалык башаламандык уюштурууга шектелип камалган Нурлан Асанбековдун абалы менен Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов таанышып чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалыматка караганда, Нурлан Асанбеков ачкачылыгын улантып жатат жана кан басымы төмөндөп кеткен.

Асанбеков ага ДЦП болгон оорулуу кызы бардыгын, банктан ири суммадагы кредит алганын, оорукчан апасы бар экенин, үй-бүлөсүн өзү жалгыз багарын айтып, аны бошотууну суранган.

Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы башка камакка алынгандар менен теӊ катар 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат. Ал ачкачылыкты 1-ноябрда кармай баштаган.

Количество просмотров: 99