Бүгүн, 11-ноябрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен 20-декабрга чейин камалган Нурлан Асанбековдун баш коргоо чарасы каралууда.
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад маселесинен улам массалык башаламандык уюштурууга шектелип камалган Нурлан Асанбековдун абакта ачкачылык жарыялаган.
Асанбеков ага ДЦП болгон оорулуу кызы бардыгын, банктан ири суммадагы кредит алганын, оорукчан апасы бар экенин, үй-бүлөсүн өзү жалгыз багарын айтып, аны бошотууну суранган.
Ал ачкачылыкты 1-ноябрда кармай баштаган.