• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапырт камоолор: Абактагы Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялады

5 Жетинин айы 2022 9:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелип камакка алынган Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу жарандык активист Айсулуу Кудайбердиева Фейсбуктагы баркчасына жазды.

Маалыматка караганда, Нурлан Асанбеков кармоолор болгон учурда саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.

«Ал 1-ноябрда ачкачылык жарыялап, 10 килограммга арыктады. Ачкачылык учурунда ал суу жана тамак ичпей жатат. Ал Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке эч кандай тиешеси жок. Болгону Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда, саясатчыга кошулуп камалган», – деп жазган ал.

Кудайбердиеванын айтымында, Асанбеков 10 жаштагы кызын жалгыз багып, тарбиялап келет. Ошондой эле, майыптыгы бар 5 жашар кызына материалдык жардам көрсөтүп турат. Сотко тиешелүү маалымкаттар берилгени менен Асанбеков эки айга камакка алынган.

Эске салсак, 23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган.

Количество просмотров: 144