• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапырт камоолор: Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды

15 Бирдин айы 202312:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 15-февралда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узартты.

Эске салсак, Нурланбек Асанбековдун үйүнө 2022-жылдын 23-октябрда тинтүү жүргүзүлүп, өзү кармалган. 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга №1 тергөө абагына камалган.

Өзүнө коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз экенин билдирген Асанбеков 1-ноябрдан тарта нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаган. Кийин шаардык сот үй камагына чыгарган.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун саясатчы, активист кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.

Количество просмотров: 186