• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кемпир-Абад ишинде айыпталган Асанбековдун апасы каза болду

21 Баш оона 2023 14:13 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад ишинде айыпталган Нурлан Асанбековдун апасы каза болду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Белгилей кетсек, Асанбеков бүгүнкү күндө үй камагында.

Ал өткөн жылы мыйзамсыз жана адилетсиз камоого каршылыгын билдирип, абакта ачкачылык жарыялаган. Ачкачылыгын бир нече күн улантып, 21 килограммга арыктаган. 

Нурлан Асанбеков кармоолор болгон учурда саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. 

Асанбеков сотто 10 жаштагы кызын жалгыз багып, тарбиялап келгенин, ошондой эле, майыптыгы бар 5 жашар кызына материалдык жардам көрсөтүп жатканын, андан тышкары, оорукчан апасы бар жана анын дарылануусу өз мойнунда экенин айткан.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин былтыр 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун саясатчы, активист кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.

Количество просмотров: 190