Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык сыйлык алды.
Айке Бейшекеева укук жана эркиндикти коргоодо эр жүрөктүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн жаштар арасындагы эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгына татыктуу болду.
Сыйлык берүү аземи Прагада өттү.
Сыйлык адам укуктарын коргоону жакшыртууга жан үрөгөн жаштарга ыйгарылат.
Быйыл бул сыйлыкка 75 талапкер көрсөтүлгөн
Айке Бейшекеева «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеген эң жаш журналист. Ал факт-чекинг боюнча адистешкен. Айке Бейшекеева тогуз айдан бери камакта.