• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абакта жаза өтөп жаткан 23 жаштагы адам өз жанын кыйды

2 Бештин айы 201917:31 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 23 жаштагы адам өз жанын кыйды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы ырастады.

Анын маалыматына караганда, окуя 1-декабрда болгон.

«Тергөөчү менен эксперт анын денесин текшерген. Алдын ала маалымат боюнча суицид болгон. Азыр тиешелүү документтер топтолуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле документтер соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Жыйынтыгы чыга элек.

Количество просмотров: 247