• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Абактагы 100 күн». Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү кайрылуу жолдошту

31 Үчтүн айы 2023 11:31 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Азимбек Бекназаровду, Равшан Жеенбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду дарыланууга бошотуу өтүнүчү менен кайрылышты. Кат комитеттин Фейсбук баракчасына жарыяланды.

«Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар ЖК төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожомкуловага, Акыйкатчы институтуна, кыйноолорду алдын-алуу борборуна кайрылып, биздин талапка көмөктөшөт жана абактагы абалыбыз менен жакындан таанышып кетет деп ишенебиз», — деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле катта бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкек СИЗО-1 абагында кармалып тургандардын өнөкөт оорулары бар экени жана камакта отурушу алардын ден соолугуна зыян алып келээри айтылат.

Эске салсак, былтыр 23-28-октябрда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер кармалып, жалпысынан 30га жакын киши “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып жатат. Алардын айрымдары үй камагына чыккан, азыр 20дан ашык адам абакта кармалууда. Анын алтоо аялдар.

Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Количество просмотров: 212