• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Абактагы Абдил Сегизбаев коронавируска чалдыгып, ооруканага түштү

29 Бугу 2021 9:02 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев коронавируска чалдыгып, ооруканага түштү. Бул тууралуу анын жубайы Айнура Сегизбаева «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, Сегизбаев 24-майда Бишкек шаарындагы 6-ооруканага жаткырылган. Жубайынын билдиришинче, анын эки өпкөсү кагынган (пневмония).

Бул арада УКМК маалымат таратып, Абдил Сегизбаев пневмониянын оор эмес жеңил формасына кабылып, учурда ооруканада дарыланып жатканын кабарлады.

УКМКнын мурдагы төрагасына карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын, алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу экенин Башкы прокуратура 11-февралда кабарлаган.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган.

Количество просмотров: 537