Каттоодон өтпөгөн оппозициялык “Алга, Казакстан!” партиясынын жетекчиси Марат Жыланбаев Астана соту өкүмдү күчүндө калтырганына нааразы болуп, абакта мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштоо ниетин билдирди.
Бул тууралуу 24-январда анын жактоочусу Мейиржан Доскараев TikTok баракчасында билдирди. Ал жакында Астананын СИЗОсунда жаткан кардары менен жолуккан.
19-январда Астана соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Активист жети жылга эркинен ажыратылган. Отурумга Жыланбаев катыштырылган эмес. Активисттин жактоочусу чечим боюнча Жогорку Сотко даттануу ниетин билдирген.
«Марат соттун чечими тууралуу билген эмес. Муну уккан соң өкүм жокко чыгарылганга чейин мөөнөтсүз ачкачылык жарыялоону чечти, — деди жактоочу Мейиржан Доскараев.
Адвокаттын айтымында, Жыланбаев ачкачылык акциясын баштоо боюнча мекеменин жетекчилигине арыз жөнөттү. Азыр марафончу суу гана ичүүдө.
Астананын тергөө абагы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.
2023-жылы ноябрда Астана соту белгилүү марафончу Марат Жыланбаевди жети жылга эркинен ажыраткан. Акыркы жылдары саясатка кызыгып, митингдерге чыгып, оппозициялык партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылып жүргөн Жыланбаевге «Экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо» жана «Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренелери менен айып тагылган. Ал бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов түзгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп айыпталууда.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Марат Жыланбаевге карата чыккан сот өкүмүн «тынч оппозициялык ишмердүүлүк үчүн өч алуу» деп атап, казак бийлигин активистти тез арада бошотууга жана өкүмдү жокко чыгарууга чакырышкан.
Казакстандын бийлиги өлкөдө жарандар саясий негиздер менен куугунтукталып жатканын четке кагып, казак түрмөлөрүндө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.