• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абактагы Аспеков ачкачылыгын токтоткону айтылды

4 Теке 2022 9:59 Бишкек Govori.TV

Абактагы активист Мелис Аспеков ачкачылыгын токтоткону айтылды. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Мелис Аспековдон Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кайрылуу түшкөн. Анткени ал нааразылык иретинде үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда анын иши каралып жаткан Бишкек шаардык сотунун отурумунда ачкачылык жарыялаганын билдирген. Бул кадамын соттук териштирүүлөр бир тараптуу каралып жаткандыгы менен түшүндүргөн. Буга байланыштуу КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова жана Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери Аспеков кармалып жаткан абакка барып, аны менен жолугуп келди.

«Сүйлөшүү учурунда ал жарыялаган кургак ачкачылыгын токтоткону белгилүү болду. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу даттанган, анткени жүрөк операциясынан кийин ал тиешелүү реабилитациядан өткөн эмес. Кардиологдун М.Аспековго койгон диагнозу өкмөттүн 2018-жылдагы токтому менен бекитилген “Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмесинде” каралган ооруга дал келиши мүмкүн. Ошондой эле, азыркы учурда эң маанилүүсү, акыркы жумада ал камалган камеранын кире беришине «уюлдук байланышты баскан» чоң аппарат орнотулганын, антенналары атайын анын камерасына багытталганын айткан. Бул даттануу боюнча КР Акыйкатчысынын Аппараты мамлекеттик органдарга тиешелүү каттарды тез арада жөнөткөн. Акыйкатчы институту анын сот процесстерине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 216