• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шаардык сот Аспековдун өкүмүн өзгөрттү. Жаш кыз көп кабаттуу имараттан кулап, каза болду

6 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧӨГҮП БАРА ЖАТКАН КЫЗДАР КУТКАРЫЛДЫ
Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан эки кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 5-июлда Жети-Өгүз районунун Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган аймакка Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 жана Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ал арада куткаруучулар жерине жеткичекти райондун Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кыздарды катер менен сүзүп барып, өмүрүн сактап кала алышкан.
«Куткаруучулар кыздарды медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Алдын ала маалымат боюнча кыздардын абалы оор. Алар Липенка айылынын 22 жаштагы тургундары»,-деп айтылат маалыматта.

14 ЖАШТАГЫ КЫЗ КӨП КАБАТТУУ ИМАРАТТАН КУЛАДЫ
Токмокто 14 жаштагы кыз көп кабаттуу имараттан кулап, каза болду. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук милициясы ырастады.
Маалыматка ылайык, 3-июлда “102” кызматына Токмок шаарында бүтө элек көп кабаттуу имараттан өспүрүм кыз кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 14 жаштагы Б.А. аттуу кыздын сөөгүн табышкан. Ал алган жараатынан жеринде каза болгон. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган. Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

АСПЕКОВДУН ӨКҮМҮ ӨЗГӨРДҮ
Бишкек шаардык соту жарандык активист Мелис Аспековго Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөрттү. Бул туууралуу 6-июлда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Аспеков М.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты (2017-ж. редакциясына ылайык) жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза өтөөсүз күнөөлүү деп табылган. Райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун ошол берененин 3-бөлүгү жана 77-берененин 2-бөлүгү боюнча айыптуу экенин моюнуна алган көрсөтмөсү жана аны алты жылга эркинен ажыратуу чарасы жокко чыгарылды. Өкүмдүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.
Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.
Быйыл 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Количество просмотров: 767