НИЯЗАЛИЕВА ДОБУШ САТЫП АЛГАНБЫ?
Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аудио жазууда депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын үнүнө окшогон аял Рома аттуу адам менен сүйлөшүп, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулап жатат.
Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 17 миң 423 адам катышкан. Дамира Ниязалиева 6 миң 242 добуш алган.
АСПЕКОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ
Алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков абактан бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу айрым ЖМКлар жазды.
Маалыматарга ылайык, Аспеков президенттин ырайымы менен чыккан экен.
Бирок, ЖАМКтан тастыктоочу маалымат алууга мүмкүн боло элек.
Эске салсак, 2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган. Ошол жылдын июль айында Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөрткөн. Анда райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы берилген эмес.
Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.
ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Бишкекте чет элдик жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбуздөгү жылдын 4-мартында милицияга А.К. аттуу жаран кайрылып, 2019-жылы 29-декабрда Пакистандын М.Д. аттуу жараны чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп 77 миң сом алып, алдап кеткенин билдирген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 57 жаштагы Д.А. аттуу Пакистандын жараны кармалган. Соттун чечими менен шектүү камакка алынган.