• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Абактагы Атай Бейшенбек Айып изоляторуна киргизилди

18 Бугу 202322:04 Бишкек Govori.TV

КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 21- мекемесинде (СИЗО-1) Атай Бейшенбек улуу Айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, буга себеп мерчемделген тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда айыпталуучудан REDMI үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылган.

«Белгилей кетсек, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү 2002-жылдын 31- октябрындагы 150-мыйзамдын 36-37 беренелерине ылайык айыпкер жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлгөн.

Буга чейин дагы 2022- жылдын 22- декабрында тинтүү иш чарасында жанынан уюлдук телефон табылып, мекеме жетекчилиги тарабынан сөгүш жарыяланган»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 158