• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Активист Атай Бейшенбек камакта калды

10 Жалган куран 2023 16:52 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Атай Бейшенбек 20-апрелге чейин камакта калды. Мындай чечимди бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык соту чыгарды.

Иш жашыруун деген макам алдында каралып жаткандыктан соттук процессге ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Буга чейин Айтай Бейшенбекке 11 иш козголгону белгилүү болгон.

Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Количество просмотров: 319