• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абактагы Гүлнара Каримованын ден соолугу кескин начарлап кетти

23 Тогуздун айы 2020 17:36 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандагы аялдар абагында камакта отурган Гүлнара Каримованын ден соолугу акыркы күндөрү кескин начарлап кетти. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримова «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.

Имандын айтымында, апасы абактын санитардык бөлүгүнө пневмония диагнозу менен жаткырылган.

«Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн жок. Коронавируска тест тапшырууга уруксат беришкен жок. Дары-дармек, аппараттарды берип жиберүү да мүмкүн болбой жатат. Муну мен азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин саясий каршылашынан жана жол көрсөтүүчүсүнүн кызынан кутулуу аракети деп эсептейм», — деп жазды ал.

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун 48 жаштагы кызы мекенинде мамлекеттик мүлктү уурдоо, салык төлөөдөн качуу сыяктуу бир катар экономикалык жана финансылык кылмыштарга күнөөлүү деп табылган. Ага карата акыркы сот өкүмү быйыл 18-мартта чыккан. Анда Ташкент шаардык соту Каримованы 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Каримова 51,1 миллиард сумдук (5 миллион АКШ долларына жакын) активи бар уюшкан топту 12 жыл башкарып келген.

Количество просмотров: 128