Абакта жаткан активист Мелис Аспеков ачкачылыкты баштаганы социалдык баракчасында жазылган.
Ушундан кийин Жаза аткаруу кызматы Мелис Аспековдун абакта ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматтарга комментарий бергенин «Азаттык» жазды.
“Бүгүн ал ачкачылык жарыялангандыгы тууралуу билдирүү менен №3 мекеменин жетекчисинин атына арыз менен кайрылган. Мекеменин администрациясы тарабынан зарыл болгон түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат Жаза аткаруу кызматынын билдирүүсүндө.
Аспеков буга чейин соцтармактар аркылуу азыркы бийликти коррупцияга айыптаган бир катар видеолорун жарыялаган. Анын видео кайрылууларын АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Күрөңов) Фейсбук баракчасына жайгаштырып турган.
Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда «Кабар» агенттигине маек куруп, Мелис Аспековдун билдирүүлөрүн “жалаа” деп атаган.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан.
Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын билдирип келатат.