• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаев Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Эрматовдун дайыны табылбай жатканы айтты

23 Үчтүн айы 202513:41 Бишкек Govori.TV

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов дээрлик бир күндөн бери дайынсыз болуп жатканы айтылды. Бул тууралуу алгач аталган партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

К. Атамбаев 22-январдан тартып таң атканча бир нече жолу шаардык милицияга барышканын, бирок анын кайда экени тууралуу маалымат берилбей жатканын жазган. Ошондой эле адвокат менен бирге издеп жатышканын кошумчалаган.

Ал эми Эрматовдун аялы Чолпонай Эрматова жолдошу менен акыркы жолу 22-январда саат 14:00дөрдө телефондон сүйлөшкөн бойдон кабар ала албай жатканын «Азаттыкка» ырастап, ал жолдошунун уруп-сабалганы тартылган видеону жөнөтүшкөнүн айтып берген.

«Жолдошум менен кечээ түштөн кийин 2-3төрдө сүйлөшкөм. Жумуштар чыккандыктан келе аласыңбы деп чалганымда ал иште эмес экенин, анан байланыша турганын айткан. Ошол бойдон байланыша алган жокмун, кечирээк телефону өчүк болуп калды. Кечинде адвокат менен чогуу издешкенде аны ооруканадан көрүшкөн экен. Ошол видеосун мага жөнөтүштү. Ошого байланыштуу мен милицияга арыз жазганы жатам. Видеодо бети тытылып, уруп-сабалганы көрүнүп турат. Кабыргасынан катуу жараат алган окшойт. Азыр кайда экенин билбей жатабыз, бизге айтпай жатышат. Кайсы орган алып кеткенин дагы билбей жатабыз», — деди Эрматова.

Милиция азырынча Эрмек Эрматовго байланыштуу комментарий бере элек, шаардык милиция маалымат такталып жатканын кошумчалаган.

Количество просмотров: 376