• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абактагы өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар ачкачылык жарыялады

10 Жалган куран 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 9-мартта эртең мененки текшерүүдөн кийин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1, 16, 19, 25 мекемелериндеги өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялоо боюнча арыз менен кайрылышты.

ЖАМКтын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, алар сот-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарда каралган конституциялык укуктарын коргоо боюнча сот жана көзөмөл органдарына талап коюшту.

Бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажыратылган 347 адам жазасын өтөп жатат.
«Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдын 10-беренесинде өмүр бою эркинен ажыратылган адамдарга карата чечимди кайра карап чыгуу айтылат. Ал эми соттун токтому менен бардык арыздар канаттандыруусуз калтырылды. Ушул эле мыйзамдын 7-беренесинин 15-бөлүгүндө: «Эгерде Жазык кодексинде жасаган иши үчүн өмүр бою эркинен ажыратылсын деп каралса, ал чечим кайра каралбайт», — деп жазылган.

«Буга байланыштуу жаза өтөп жаткандардын талаптары негизсиз болуп саналат. Учурда аталган мекемелердин администрациясы менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери дарыгерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат»,- деп ЖАМКТын басма сөз кызматы билдирди.

Количество просмотров: 130