• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Абактагы Маматаевдин абалы начарлады

27 Жалган куран 2023 12:50 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Улукбек Маматаевдин абалы кескин начарлады. Бул тууралуу укук коргоочу азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалым болгондой буга чейин ага операция жасалып, кийин абакка которулган.

Эске салсак, 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган.

Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Айрымдары ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 235