Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Улукбек Маматаев ооруканага түштү. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Маалыматка караганда, Маматаев жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда.
Эске салсак, 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган.
Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Айрымдары ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.