• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапырт камоолор: Активист Маматаев үй камагына чыкты

12 Чын куран 2023 14:40 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган активист Улукбек Маматаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып жатат. Соттун чечими менен буга чейин Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова жана Мамбетжунус Абылов үй камагына чыккан.

Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Количество просмотров: 69