• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абактагы Мамбетжунус Абылов ооруканага которулду. Ага операция жасалат

10 Бирдин айы 2023 14:42 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин төрагасы Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталга жаткырылды. Маалыматты Govori.TVга анын жактоочусу Эркин Булекбаев ырастады.

Маалым болгондой, Абылов 7-февралда ооруканага түшкөн. Анын бир канча күндөн бери саламаттыгы жакшы болбой жаткан.

«Аны ооруканада 2 конвой кайтарууда. Дүйшөмбү же шейшемби күнү операция жасалат»,-деди ал.

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган. Ушул тапта 29 кишинин 26сы тергөө абагында, үчөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Количество просмотров: 912