• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азиза Абдирасулова Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгын алды

22 Үчтүн айы 202610:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасулова Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгынын ээси болду.

Еврокеңештин билдирүүсүндө Абдирасулованын Борбор Азиядагы “адам укуктарынын системалуу бузулушун ачыкка чыгаруудагы теңдешсиз аракеттери”, өзгөчө абактагылардын укуктарын, жарандардын эркин чогулуу укуктарын коргоо, кыйноолорго каршы күрөштөгү талбас эмгеги жогору бааланганы белгиленет.

Количество просмотров: 168