• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы Сегизбаев ооруканага которулду

3 Аяк оона 202119:43 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, учурда абакта отурган Абдил Сегизбаев УКМКнын алдындагы ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда анын абалы туруктуу жакшы.

Башкы прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын билдирген. Алардын ичинде “Белизгейт” окуясы, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүү, жер тилкелери, энчилүү курал менен сыйлоо бар.

Количество просмотров: 671