• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Абактагы Сооронкулова ооруканага жаткырылды

21 Бирдин айы 2023 10:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектин №1 Тергөө абагында жаткан Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованы ооруканага жаткырууга уруксат берилди. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сооронкулова кечээ, 20-февралда дарыгердердин демилгеси менен даарылануу үчүн Бишкектеги жеке менчик ооруканалардын бирине жаткарылган,

Жаза аткаруу кызматы эгер дарыгерлер тарабынан тиешелүү тастыктамалар болсо, алар камактагыларды жарандык ооруканаларга которууга эч качан тоскоол болбой турганын белгилейт.

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Количество просмотров: 118