Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Анда таксисттин Сооронкуловага карата орой мамилеси тартылган.
«Чалып, повороттон өтүп кеттиң деген сөзгө реакциясы»,-деп жазган Сооронкулова.
Бул видео соцтрамактарда чыккандан кийин, Клара Сооронкулова дагы бир пост жазды.
”Клара өзү провокация кылып, хайп үчүн чыгарып жатат дегендер аман эле болгула. Мен бул айдоочуга карата ооз ачканга дагы үлгүргөн жокмун. Отурганда эле “сен эмне үчүн чаласың” деп шатырата сөгүп баштады. Шашып жатканымдан, чыгып кетпей, айда десем, сүйрөп түшүрөм деп, күчкө салды. Албетте, бул жоругун жазасыз калтырбайм. Арыз жазып, жоопко тарттырам. Ушунчалык адекваттуу эмес айдоочуларды такси кызматына жолотпош керек. Абайлагыла деген мааниде жүктөп койдум”, — деп жазды Сооронкулова