• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Клара Сооронкулова орой мамиле кылган таксист кечирим сураганын билдирди

3 Жалган куран 202510:58 Бишкек Govori.TV

Клара Сооронкулова орой мамиле жасаган такси кызматынын айдоочусун кечиргенин айтып, билдирүү жазды.

“Айдоочу келип, кечирим сурады. Мындай мамиле ким болбосун, эч качан кайталанбайт деген убадасын берди. Кечирдим. «Яндекс» такси ыкчам реакция кылып, Бекнурду заказдардан четтетип салды. Мага моралдык компенсация деп, акчалай жеңилдик беришти. Колдоо көрсөткөн Фейсбук жамаатына чоң ыраазычылык. Социалдык тармактардын күчүн касташуу эмес, колдоого, адилеттүүлук жана мыйзамдуулук үчүн пайдаланып жүрөлү”, — деп жазды Клара Сооронкулова.

Кечээ, 2-мартта Клара Сооронкулова такси кызматынын айдоочусунун орой мамилеси тууралуу фейсбук баракчасына жазган.

Количество просмотров: 276