Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн арыз берүү укугун алып, бүгүн, 12-октябрда БШКга келди.
Жээнбеков конвойлордун коштоосунда келип, документтерди жана депутаттыкка талапкер катары катталуу үчүн арызын тапшырды.
Буга чейин Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү документтерин кабыл алуу өтүнүчү менен БШКга кайрылган. БШК өкүлдүн документтерин кабыл алуудан баш тартып, арыз берүүдө талапкердин жеке катышуусунун зарылдыгын белгилеген болчу. Андан кийин Жээнбеков талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз жана документтерди берүү үчүн БШКга баруусун камсыздоо өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.