Бишкек.05.01.2019. Govori.TV
Социалдык тармактарда белгилүү бир колонияда абактагылар жаңы жылды кантип тосушканын чагылдырган тасма тарады. Видео 31-декабрдан, 1-январга караган түнү тартылган. Бул окуя Чүй облусунда жайгашкан Беловодскидеги N 16 колонияда болгон.
Биринчи тасмадан ал жердегилер бири-бирин куттуктап, каалоо-тилек айтып жатканын көрүүгө болот. Мындан сырткары крим чөйрөсүнүн авторитети атыккан Камчы Көлбаевдин дагы дарегине тилектер айтылганы угулат.
Ал эми экинчи видеодон абактагылар фейерверктерди атып, майрамдап жатканы көзгө урунат.
Байкалбаганы менен баам салган кишиге ал жердеги адамдардын көпчүлүгү кол телефон кармап, учурду сүрөт, видеого тартып жүрүшкөн.