• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Абактан качкан шектүү кармалды

7 Кулжа 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Убактылуу кармоочу жайдан качкан Кушубек Сабыров кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Оор кылмыштарга шектелген 29 жаштагы Сабыров бүгүн Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен колго түшкөн.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Кушубек Сабыров 5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен.

Сабыров КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо»), 207-беренеси («Каракчылык»), 169-беренеси («Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу») жана 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 2023-жылдын 30-май күнү өткөн.

Ал ортодо Башкы прокуратура шектүүгө абактан качууга жардам көрсөткөн милиционерлер кармалгандыгын билдирген.

Количество просмотров: 156