• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Абал кыйын эле». Чөп тартыштыгы элди кыйнады

5 Аяк оона 202316:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда тоют жетишсиздиги азыртан байкалууда. Ушул тапта бир түк чөптүн орточо баасы 400 сом. Бул аралыкта базарда малдын баасы арзандаганы айтылууда.

Ысык-Көл облусуна караштуу Боз-Учук айылынын тургунунун айтымында, быйыл сатып алууга чөп жок.

«Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу жем-чөп тартыштыгы жаралып жатат. Мындан улам кышка чейин малыбызды сатканга туура келүүдө. Деген менен базарда малдын баасы арзан. Эл чыгымга учурап калууда»,-деди жергиликтүү тургун.

Мындай көрүнүш Чүй облусунда дагы катталып жатканын Govori.TVга окурмандар билдирди.

«Бир түк чөптүн баасы асман чапчыды. Сатып алалы десек чөп жок. Абал кыйын эле»,-деди Кемин районунун тургуну.

Бул арада Айыл чарба министрлиги быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болгонун себеп кылып, маселени чечүү жолдорун караштырып жатканын маалымдады.

«Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Аталган чечимдин реэкспортко, транзитке, ошондой эле КР министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдарына тиешеси жок. Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси: тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту), арпа, күрүч, сулуу»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 165