• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Депутат «Яндекс таксинин» баасы кымбат болуп жатканын айтып, сунуш берди…

20 Тогуздун айы 2022 14:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев жүргүнчүлөр бара турган жерине жете албай жатканын белгилеп, «Яндекс такси» кызматынын баасы кымбат болуп жатканын айтты.

«Борбор калаабызда транспорттук кризис келатат. Жөнөкөй эл жумуштан үйгө, үйдөн жумушка жете албай, окуучулар кыйналууда. «Яндекс такси» башында 80 сом менен баштап, азыр 400, айрым жерде 500 сомго чейин жетип жатат. Монополия мыйзамынын 4-беренесине ылайык толук текшерүүнү башташ керек. Эмнеге бааны көтөрүп жатышат? Бензин кымбаттаган жок, тескерисинче баа түшөт. Транспорт министрлиги kg.taxi кызматын уюштуруп койсо болот эле го. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Болгону карта кетет, бирок акчанын баары бизде калат эле, «Яндекс таксинин» баары Орусияга кетип атат», — деди Маматалиев.

Количество просмотров: 54